Минитср Бообек Ажикеев ” Эйрбас Хеликоптер” компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды

Бүгүн, 27-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев “Эйрбас Хеликоптер” компаниясынын вице-президенти Томас Земан баштаган бир катар өкүлдөрүн кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр Бообек Ажикеев алгач Кыргызстандагы болуп өткөн чек арадагы акыркы окуяларда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аткарган иштерине жана жолугушуунун негизги максаттарына токтолуп өттү.
“ӨКМдин тоодон куткаруу иштерине, туристтик жана альпинисттик багыттагы куткаруу үчүн республикалык бюджеттин эсебинен жаңы сатып алынган акыркы үлгүдөгү ”Airbus – H -125” тик учагы өлкөбүздүн акыркы окуяларында адамдарды эвакуациялоо, куткаруу жана издөө иштерине колдонулду. Бул аз орундуу болгон менен аскердик тик учактар коно албай турган кууш тилкелерге конуу, үнөмдүүлүгү менен өтө ыңгайлуу”, – деди министр.
Анын айтымында, Кыргызстан бийик тоолуу өлкө болгондуктан, “Эйрбас Хеликоптер” компаниясынын чыгарган тик учагынын ыңгайлуулугуна карап, бийик тоо кыркаларында калып калган альпинисттерди, адамдарды тоодон куткаруу үчүн кийинки тик учакты сатып алуу кызыкчылыгы жаралды. Ошондой эле 2021-жылы Россия Федерациясы аркылуу үчүнчү тик учак алуу макулдашылган.
“Эгерде үчүнчү тик учакты сатып ала турган болсок, учкучтар тобун даярдоого, ошондой эле тик учактарды оңдоо, запастык бөлүктөр менен камсыздоого жардам бересиздер деп ойлойм. Иштин алдыга жүрүшүн жакшыртуу максатында, акыркы убакта техникалар менен камсыздоодо европалык сапатка басым жасалууда”, – деген министр Бообек Ажикеев тик учакты иштетүүдө учкучтардын айырмаларына да токтолду.
Бообек Ажикеевдин айтымында, түздүктө жана тоолуу жерде учуучу учкучтарга бөлүнөт. Ошол эле учурда биздин тоо учкучтарына Турция, Пакистан, Индия өлкөлөрүндө суроо-талап жогору. ӨКМдин базасында тоо учкучтарын эки тарап биргеликте даярдоо маселесин, тактап айтканда, “Эйрбас Хеликоптер” компаниясы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте “Тоо учкучтарын атайын даярдоочу борбор” түзүү сунушун карап көрүүнү билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Томас Земан мырза Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен эки тараптуу кызматташууга кызыкдар экендигин жана жакында келе турган ”Airbus – H -145” тик учагын белгиленген мөөнөттө Кыргызстанга жеткирүүнү пландап жатышкандыгын билдирди. Ошондой эле эки тарап учкучтарды даярдоочу биргелешкен борборду түзүү маселесин бирге талкуулашты.