Москва районунун мектеп окуучулары менен атайын окутуу өткөрүлдү

2022-жылдын 4-октябрь күнү КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда №86123 аскер бөлүгүнүн куткаруучулары, Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылдын 5-октябырында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата, Москва районунда жайгашкан орто билим берүү мекемелери менен биргеликте Жарандык коргонуу боюнча ачык сабактарын өткөрүштү.
Окуучулары менен кырсыктын тобокелин азайтуу жана өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча ачык эшиктер күнү өттү.
Иш-чаранын негизги максаты, аталган борбор билим берүү мекемелери менен тыгыз иш алып баруусун мындан ары өркүндөтүү, мектеп окуучуларына өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү жана мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу.