Мугалимдерге өрт коопсуздугу боюнча окуу өттү

МУГАЛИМДЕРГЕ ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ОКУУ ӨТТҮ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы тарабынан Ысык-Көл облусунун Түп, Ак-Суу районундагы 7 жана Нарын облусунун Ак-Талаа, Кочкор районундагы 8 бала-бакча жана мектептердин мугалимдерине өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иши жүргүзүлдү.
Азыркы тапта да аталган кызмат тарабынан облустун Каракол шаарындагы билим берүү мекемелеринин мугалимдер жамаатын атайы окутуу иши жүргүзүлүүдө.