Нарын:”Ачык эшик күнү” өткөрүлдү

5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата Кочкор районунун аймагында 28-сентябрда 42 -өрткө каршы бөлүктө “ачык эшик күнү” өткөрүлдү.
Ага Кочкор районундагы К.Кыдыралиев атындагы орто мектебинин окуучулары жалпы жана мугалимдер катышышты.
Ошондой эле өзгөчө техногендик жана табигый мүнөздөгү кырсыкта өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.