Нарын: “Ачык эшик” күнү өткөрүлдү
ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин ар кандай мүнөздөгү кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча планы бекитилген.
Аталган планга ылайык Нарын шаардык жана Нарын райондук ӨКБнын өздүк курамы жергиликтүү тургундар, окуучулар менен биргеликте кырсыктардын алдын алуу, тобокелдигин азайтуу боюнча “Ачык эшик” күнүн өткөрүштү.
Иш-чарага шаардагы Токтогул атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучулары катышып, өзгөчө кырдаалдарда, кырсыктарда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


