Нарын: Адабий чыгармалар көркөм окулуп,жазуу эрежелерин талкуулашты

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдык мааракесине карата Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгында жана облустун аймагында жайгашкан райондук, түзүмдүк бөлүмдөрүндө 2022-жылдын 5-октябрында салтанаттуу иш-чаралар уюштурулду.
Тактап айтканда, башкармалыкта жана жер-жерлердеги түзүмдүк бөлүмдөрдө кыргыз тилин өнүктүрүүгө байланышкан талкуу аянтчалары өттү. Алгач иш-чаралар Кыргыз Республикасынын гимни менен ачылып, офицердик курам жана мамлекеттик кызматкерлерге адабий чыгармалар көркөм окулуп, жазуу эрежелерин талкуулашты.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшундө кыргыз тилинин пайда болуу тарыхы, тилдин өнүгүшүнө чыгаан инсандардын кошкон салымы жана кыргыз тили көөнөрбөс мурас катары калтырылып кеткендиги тууралуу баяндама айтылып, иш-чаранын соңунда ар бир кызматкердин мамлекеттик тилиде жат жазуусу менен жыйынтыкталды.