Нарын: Айбек Ысмановдун жаркын элесине арналган кичи футбол өттү
Бүгүн, 6-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгында маркум Айбек Ысмановдун элесине арнап кичи футбол уюштурулду.
Кичи футболдо облустук башкармалыктын жана Нарын райондук бөлүмүнүн жеке курамдары катышып, куткаруучулардын ортосунда айыгышкан мелдеш өттү.
Оюндун жыйынтыгында башкармалыктын жеке курамынан турган оюнчулар командасы жеңишке жетип, алдыңкы орунду ээлешти. Жеңүүчү команда диплом сыйланышты.
Эске салсак, Баткен облусунун аймагында болгон жаңжалда курман болгон Айбек Ысмановдун жаркын элесине арналды.



