Нарын: Ашууда калган унаалар толугу менен айылдарына кетишти
19.11.2022
НАРЫН: АШУУДА КАЛГАН УНААЛАР ТОЛУГУ МЕНЕН АЙЫЛДАРЫНА КЕТИШТИ
16-ноябрда Соң-Көл жайлоосу аркылуу Кара-Кече карьерине барчу унаа жолдо кар калың болгондугуна байланыштуу 17 оор жүк ташуучу унаа жолдо калып калган.
Бүгүн жолду ачып, унааларды чыгаруу максатында КР ӨКМнин Нарын облустук башкармалыгынан п-к Т. Касиев жетектеген ыкчам топ, Нарын шаардык №16 ӨКБдан 5, Ак-Талаа райондук №47 ӨКБдан 5, жалпы 10 куткаруучу тартылган.
Жоо тейлөө ишканасынын жолчулары менен биргеликте Молдонун-Бели ашуусунда тазалоо иштери жүргүзүүнүн натыйжасында унаалар ашуудан толук түшүп, өз айылдарына кетишти.



КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР