Нарын: Атайын окутуулар өткөрүлүүдө
Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө 2022-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин ар кандай мүнөздөгү кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча планын негизинде атайын окутуулар өткөрүүлүдө.
Аталган планга ылайык Ак-Талаа райондук ӨКБнын өздүк курамы жергиликтүү окуучулар менен биргеликте кырсыктардын алдын алуу, тобокелдигин азайтуу боюнча “Ачык эшик” күнүн өткөрүштү.
Иш-чарага Ак-Талаа районун Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 9-10-11-классынын окуучулары катышып, өзгөчө кырдаалдарда, кырсыктарда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери жана алгачкы биринчи медициналык жардам корсотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.




