Нарын: Башталгыч класстын окуучулары сүрөт сынагына катышышты
НАРЫН: БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ СҮРӨТ СЫНАГЫНА КАТЫШЫШТЫ
Кечээ, 24-майда Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери мектеп окуучулары арасында “Өрт коопсуздугу” аталышында сүрөт сынагы н уюштурушту.
Келечек ээлери өрт кырсыгына байланышкан чыгармачылык менен ар түркүн сүрөттөрдү кагаз бетине түшүрүп, түстүү боёктор менен боёшкон..
Аталган сынакка 2-3-класстын окуучулары катышып, жеңүүчүлөр кызыктыруучу белектерге ээ болушту.
Белгилей кетсек, мындай иш-чараларды өткөрүү өсүп келе жаткан муунга өрт коркунучу тууралуу түшүнүгүн калыптандырууга жардам берет.



