Нарын: Богошту сайынын жээги бекемделүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин быйылкы жылга карата түзүлгөн “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралар планынын” негизинде Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу 1-Май айылынын батыш тарабынан агып өтүүчү Богошту сайынын 1500 метр жээги бекемделүүдө.
Ошондой эле сайдын нугун механикалык тазалоо жумуштары, жана бекемдөө 30-июль күнү башталган.
Селдин алдын алуу жумуштарын аткарууга ӨКМге караштуу ӨКЧКТБнан 1 экскаватор тартылып, 2 кызматкер иштеп жатат.
2022-жылдын 1-август күнүнө карата 700 п/м аралыгы тазаланып, жээги бекемделип, 2100 м3 көлөмдөгү жумуш аткарылды. Техникалар үчүн 600 литр дизелдик күйүүчү май сарпталып, учурда жумуш уланууда.