Нарын: Издөөгө алынган жаран аты менен кошо сазга чөгүп кеткен

Издөөгө алынган 66 жаштагы жарандын жансыз денеси 4-мартта саздан табылды.

Ал Жумгал районуна караштуу Байзак айылынын Э.Т. аттуу (эркек) тургуну болгон.

Туугандары аны 24-февралда үйдөн ат минип чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин айтып, 28-февралда ӨКМдин куткаруу кызматына кайрылган.

Жумгал райондук №43 ӨКБдан 6 куткаруучу тартылып, туугандарынын көрсөтмөсү менен Жумгал суусунун жээктеринен издөө ишин жүргүзүшкөн.

4-март күнү аталган жарандын жансыз денеси саздан табылып, куткаруучулар жарандын жана минген атынын жансыз денесин саздан алып чыгышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.