Нарын: ӨКМ куткаруучуларына ыраазычылык билдиришти
Ак-Талаа районунун Коңорчок айылындагы Коңорчок сел агуучу сайынын нугун тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул айылдын сайын тазалоо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин селдин алдын алуу боюнча иш-планына киргизилген.
Тазалоо иштери ӨКМдин техникасы менен жүргүзүлүп, Коңорчок айылынын тургундары жашаган үйлөрү, короо-сарайлары сел жүрүүдөн корголду. Селден коргоо иши 21-майда толугу менен аяктады.
Тазалоо, селден коргоо иштерине ыраазы болгон коңорчоктуктар ӨКМдин куткаручууларына жана жалпы министрликке ыраазычылык билдиришти.