Нарын: Кочкор ӨКБсы жаңы техникалар менен камсыздалды

НАРЫН: КОЧКОР ӨКБсы ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАР МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ
Бүгүн Кочкор району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнө 2 “КамАЗ” үлгүсүндөгү өрт өчүрүчүү автоунаалар ӨКМ тарабынан бөлүндү.
Буга кошумча Кочкор райондук администрациясынын өнүктүрүү фондунан 1 үйлөтмө кайык, 1 компрессор, 2 мотопомпа, 2 компьютер, 2 ноутбук, 2 принтер, 4 дүрбү, 4 рация, 5 төшкө чейин кийилүүчү суу өтүгү берилди.
Техникалар менен камсыздоо аземинде Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Эрмекбай Омошев катышып, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлерине иштерине ийгилик каалап кетти.