Нарын: Куткаруучлар окуучулар менен биргеликте жөө жүрүш өткөрүштү

5-октябрь — Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата кечээ, 26-сентябрда Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №43 ӨККБнүн кызматкерлери Чаек айылындагы М.Алыбаев, О.Ногойбаев атындагы орто мектептеринин жана Т.Турсунбаева атындагы мектеп гимназиясынын окуучуларынын жана мугалимдеринин катышуусунда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча жөө жүрүш өткөрүштү.
Жөө жүрүшкө окуучулар өрт жана өзгөчө кырдаалдар боюнча ар кандай лозунг, транспоранттарды менен катышты.
Гимназиянын имаратында №43 ӨККБнүн кызматкерлери жер титирөө болгон учурда жабыркаган окуучуларды имараттын үчүнчү, экинчи кабатынан, бийиктиктен коопсуз жерге түшүрүү, унаа менен кырсыкка кабылган учурда жаракат алган адамды куткаруу иштери жана фельдшер тарабынан алгачкы медициналык жардамды көрсөтүү боюнча практикалык иштер аткарылды.
Имаратта жер титирөөнүн кесепетинен чыккан өрттү өчүрүү үчүн өздүк курамдын күжүрмөн жайылуусунда камаз үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү автоунаасы менен суу берилип, өрттү өчүрүү ыкмалары көрсөтүлдү.
Иш-чарага Жумгал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун “Тез жардам” бөлүмүнүн 1 даана автоунаасы 2 кызматкери, 347 окуучу, 13 мугалим катышышты.