Нарын: “Кырсыктардын тобокелдигин азайтабыз”

Бүгүн 3-октябрь күнү медициналык колледжде “Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө” карата Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү аймактык милиция менен биргеликте көргөзмөлүү жарандык коргонуу күнүн өткөрүштү..
Мындан сырткары колледждин студенттеринин “Кырсыктардын тобокелин азайтабыз” деген ураандын астында жөө жүрүшү болду.
Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө ачык эшик күнү өткөрүлүп, бөлүмдүн офицерлери тарабынан колледждин мугалимдер жамаатына, студенттерине жер титирөө, өрт кырсыгы катталганда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери боюнча лекциялар окулду.