Нарын: Кышкы эс алууда коопсуздук эрежелерин сактайлы!

НАРЫН: КЫШКЫ ЭС АЛУУДА КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАЙЛЫ!
Кечээ, 6-февралда Нарын шаары жана Нарын районунда ӨКБнын куткаруучулары «Кышкы туристтик мезгилде коопсуз эс алууну уюштуруу» планына ылайык кышкы муз тебүүчү аянтчаларда өздүк коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Анткени адамдар кышында муз аянтчасында, бийик тоолуу аймактарда лыжа тебүү учурунда адамдар ар кандай жаракаттарды алуусу көп кездешет.
Буга байланыштуу Нарын шаарында жайгашкан эс алуу жайларында куткаруучулар коопсуздук эрежелерине ылайык, адам өмүрүнө зор кооптуулук жаратарын эскертмелер аркылуу ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.