Нарын: Машыгуунун максаты- күжүрмөн даярдыкта болуу

НАРЫН: МАШЫГУУНУН МАКСАТЫ — КҮЖҮРМӨН ДАЯРДЫКТА БОЛУУ
Кечээ 6-март куну Нарын шаары жана району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери Нарын облустук Мамлекеттик архивинде өрт тактикалык машыгуусун өткөрүштү.
Машыгуунун негизги максаты — өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу, Архив мекемесинин кызматкерлерине өрт жана башка өзгөчө кырдаалдар жаралганда өзүн алып жүрүү, эвакуациялоо, коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү.