Нарын: Молдонун-белинде 9 унаа калды
17.11.2011
НАРЫН: МОЛДОНУН-БЕЛИНДЕ 9 УНАА КАЛДЫ
Кечээ, 16-ноябрда саат 14:15те “Кара-Кече” көмүр кенине баруучу унаа жолдогу Молдонун-Бели ашуусунда кар калың жаагандыктан, 9 оор жүк ташуучу унаа чыга албай тыгылып калгандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Мындан улам Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жетектеген ыкчам топ жана №43 ӨКБдан 3 куткаруучу жериндеги абал менен таанышып, 9 айдоочуну ашуудан алып түшүп, үйлөрүнө жеткиришкен. Учурда алардын абалы жакшы. Ал эми кар калың жаап жаткандыгына байланыштуу унаалар Молдонун-Бели ашуусунда калтырылган.
Эске салсак, аталган унаа жолу Ак-Талаа РМА башчысынын 2022-жылдын 3-ноябрь күнү чыгарылган №01-36-а/237 буйругу менен жол каттамы убактылуу жабылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
(Иллюстрациялык сүрөт)