Нарын: Муз тебүүдө коопсуздук эрежесин сактаңыз!

НАРЫН: МУЗ ТЕБҮҮДӨ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕСИН САКТАҢЫЗ!
Кыш күчүнө кирип турганда көлмөлөрдө, агын сууларда муз тоңуп балдар жылгаякка чыгышат. Учурда өлкө аймагында суу объекттеринде муз тээп эс алгандар көп.
Мындай көлдөрдүн бири Кочкор районундагы Ара-Көлдө кышында муздун калыңдыгы 60-70 сантиметрге чейин тоңуп, эс алуучуларды өзүнө тартат. Көз жоосун алган музда коньки, чана тепкендердин саны көбөйүп барат.
Мындан улам бүгүн, 24-январда Кочкор райондук ӨКБнын адистери Ара-Көл көлүндө муз тээп жүргөн эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин сактоо тууралуу түшүндүрүштү.