Нарын: Музыкалык мектепте машыгуу өткөрүлдү
НАРЫН: МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕПТЕ МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Кечээ, 15-март күнү Нарын шаары жана Нарын району боюнча ӨКБсы тарабынан шаардагы Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуунун максаты – жыл башында бекитилген пландын негизинде өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу, өрт коопсуздук эрежелерин сактоону түшүндүрүү.
Музыкалык мектептин мугалимдерине, окуучуларына өрт учурунда өзүн алып жүрүүнү, коопсуздук эрежелерин сактоону практика жүзүндө көрсөтүштү.
.Машыгууга Нарын райондук ооруканасынын врачтары, медайымдары жана Нарын шаардык ИИБнын кызматкерлери да тартылды.





