Нарын: Облус аймагында 4 баллдык жер титиреди

Бүгүн, 28-ноябрда Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 19:02де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Нарын районунун Достук айылында 4 балл, Эмгек-Талаа, Ак-Талаа, Жан-Булак, Куланак айылдарында 3,5 балл, Шоро, Ылайлуу-Суу, Учкун, 8-Март, Миң-Булак, Жалгыз-Терек айылдарында жана Нарын шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.