Нарын облусунан Баткендиктерге жардам
Баткендин жабыр тарткан элине жардам катары Нарын облусу боюнча мекеме-ишканалардын кызматкерлери 1 күндүк айлык акысын которушат.
Мындан сырткары 48 кой, 17,8 тонна картошка, 100 кг буудай, 50 кг кесме, 20 литр өсүмдук майы, 10 коробка чай облустагы райондордун элинен чогултулду.
Ошондой эле гуманитардык жардам чогултулган соң Баткенге сапар алат.