Нарын облусунун аймагында Өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунда 5 тилкесинде болжолдуу 10000 м3 кар көчкү түшүп жол жабылгандыгына жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыгына байланыштуу 2023-жылдын 17-февралынан тартып, Нарын облусунун аймагына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругунун негизинде Өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Учурда жеринде тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында ӨКМдин Нарын шаардык №16 ӨКБдан 5 куткаруучу, КР ӨКМнин Нарын облустук башкармалыгынан 2 офицер Камаз унаасы менен 2 чатыры тартылган.


Мындан сырткары жогору аталган унаа жолдун Сары-Булак тилкеси жана Кара-Үнкүр тилкесинде (265 жана 314 чакырымындары) КР ИИМдин ЖКККБ тарабынан жана тез жардам кызматынан 2 бригада нөөмөт алып барууда. Ошондой эле №41 ЖТИден 1 грейдер, 2 жүктөгүч, 2 самосвал, Суу чарба ишканасынан 1 жүктөгүч тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Кошумча маалымат берилет.


