Нарын облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди
НАРЫН ОБЛУСУНУН АЙМАГЫНДА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ РЕЖИМИ КИРГИЗИЛДИ
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунда 5 тилкесинде болжолдуу 10000 м3 кар көчкү түшүп жол жабылгандыгына жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыгына байланыштуу 2023-жылдын 17-февралынан тартып, Нарын облусунун аймагына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругунун негизинде Өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Учурда жеринде тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында Нарын шаардык №16 ӨКБдан 5 куткаруучу, ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочуу мамлекеттик борборунун 1 унаасы, №41 ЖТИден 1 грейдер, 2 жүктөгүч, 2 самосвал, Суу чарба ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.
Мындан сырткары жогору аталган унаа жолдун 265 жана 314 чакырымында КР ИИМдин ЖКККБ тарабынан нөөмөт уюштурулган.
Алдын ала маалымат боюнча жабыргандап жок.
Кошумча маалымат берилет.