Нарын: Окуучулар адам өмүрүн сактоо семинарына катышты
22-ноябрда Ат-Башы районунун орто мектептеринде адам өмүрун коргоо боюнча атайын семинар өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө сууга түшүүдө өзүн-өзү алып жүрүү, кышкы мезгилде тоңгон көлмөлөрдө муз тебүү коопсуздугун сактоо эрежелери айтылды.
Иш чарага Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматалы атындагы орто мектебинин окуучулары жана мугалимдери катышып, суу, өрт коопсуздугу тууралуу суроолорунун тегерегинде кызуу талкуу болду.
Иш чарада дегеле өзгөчө кырдаал жаралган учурда адам өзүн кандай алып жүрүү, жаракат алган адамга алгачкы жардам көрсөтүү сыяктуу окуучулардын бир катар суроолоруна Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү, алдын алуу бөлүмчөсүнүн офицери, капитан Б.Саданалиев жооп берди.


