Нарын: Окуучулар менен биргеликте машыгуу өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Жумгал райондук Миң-Куш айылындагы №44 өрткө каршы куткаруу бөлүмчөсүнүн кызматкерлери “5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин болтурбоо” күнүнө карата атайын иш чара өткөрүштү.
Куткаруучулар Н.Крупская атындагы орто мектебинин окуучулары менен бирдикте өрт тактикалык машыгуу иштерин аткарышты.
Машыгууда күжүрмөн жайылуу, жабыркаган адамдарды куткаруу боюнча тажрыйбалык иштер көрсөтүлүп, өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага 102 окуучу 13 мугалим катышты.