Нарын: Окуучуларга өрт коопсуздугун түшүндүрүштү
НАРЫН: ОКУУЧУЛАРГА ӨРТ КООПСУЗДУГУН ТҮШҮНДҮРҮШТҮ
Кечээ,16-февралда Кочкор району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Кочкор районундагы бала бакчаларында, райондук мектептерде тарбиячыларга, мектеп мугалимдерине өрт кырсыгынын алдын алууну жана өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда өзүн алып жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрүштү.
Эгерде өзгөчө кырдаал же өрт учурунда тарбиялануучуларды жана окуучуларды коопсуз жерге эвакуациялоону, алгачкы өрт өчүрүү шайманын колдонууну жана өзүн алып жүрүү эрежелерин үйрөттү.
Ошондой эле имаратта эвакуациялык схема, өрт өчүрүү шаймандарын көрүнүктүү жерге жайгаштырууну эскертишти.




