Нарын: Окуучуларга өрт коопсуздук эрежелерин түшүндүрүштү
НАРЫН: ОКУУЧУЛАРГА ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ТҮШҮНДҮРҮШТҮ
Ак -Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө Ак -Талаа районунун Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектептин 7-класстын окуучуларына “ Ачык эшик күнү” өткөрүлдү.
Алгач куткаруучулар өздөрүнүн жаңы келген өрт өчүрүүчү унааларын практика жүзүндө көрсөтүшүп, алардын куткаруучу шаймандары менен тааныштырышты.
Андан соң катышуучуларга ӨКМдин кызматкерлери өрт кырсыгынын алдын алууну жана ар кандай кырсыктар тууралуу сабактарды өтүп, өзгөчө кырдаалдар учурунда өтүлүүчү иш-аракеттер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, каалоочулар куткаруучуларга өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.



