Нарын: Отту туура жагыңыз! Иске ууланбаңыз

НАРЫН: ОТТУ ТУУРА ЖАГЫҢЫЗ! ИСКЕ УУЛАНБАҢЫЗ
Ак -Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери “Өрттүн алдын алабыз, эрежелерди сактайбыз” деген аталыштагы демилгенин алдында үйлөрдү кыдырышты.
Аталган иш-чарага 20-январда Ак-Талаа райондук №47 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери тартылып, районго караштуу айылдардагы үйлөрдү кыдырып, өрт коопсуздук эрежелерин сактоого чакырышты.
Үйлөрдүн меши, мору тазаландыбы, мештен ис чыкпайбы, электр буюмдарын туура колдонуу тууралуу үй ээлерине эскертип, нускама кагаздарын таратышты.