Нарын: Пиротехникалык заттарды колдонбоого чакырышты

Жыл тогошкон Жаңы жылды элибиз өзгөчө шаң менен тосот. Балдарга фейерверк, петарда сыяктуу жарылуучу буюмдарды алып беребиз. Жаңы жылда жарылуучу заттар шаң-салтанат коштогон менен кээде анын арты кайгылуу окуя менен аяктайт.
Келе жаткан майрамда кырсыктардын алдын алуу үчүн Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Баетов айылында жайгашкан борбордук базардагы соода түйүндөрүндө, эл көп чогулган жайларда пиротехникалык заттарды колдонуу эрежелерин түшүндүрүүнү күчөтүлгөн тартипте өткөрүшүүдө.
Майрамга карата пиротехникалык заттарды колдонууда көрсөтүлгөн эрежелерди так сактоо зарыл экендиги эскертилинип, мүмкүн болсо колдонбоого чакырышты.