Нарын: Өрт өчүрүүчүлөр окуучуларга “Ачык эшик күнүн” өткөрүштү

НАРЫН: ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨР ОКУУЧУЛАРГА “АЧЫК ЭШИК КҮНҮН” ӨТКӨРҮШТҮ
Кочкор району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан И. Арабаев атындагы орто мектебинин окуучулары үчүн ачык эшик күнү өттү.
Иш-чаранын алкагында өрткө каршы куткаруу кызматы менен тааныштыруу жана кызматка болгон кызыгуусу, өрт коопсуздугу боюнча билимин жогорулатуу. Бөлүмдүн кызматкерлери окуучулар менен өрт коопсуздук эрежелери, өрттүн алдын алуу жана алардын келип чыгышы мүмкүн болгон кесепеттери тууралуу баарлашты.
Окуучулар өрт учурундагы жүрүм-турум эрежелери, өрт өчүрүүчү алгачкы шаймандар менен таанышып, кызыккан суроолорго жоопторун алышты. Мындан тышкары окуучулардын эсине “101” жана “112” өрт өчүрүү жана куткаруу кызматтарынын телефондорун эскертишти.