Нарын: Өрт коопсуздугун сактоо тууралуу окутуу өткөрүлдү

НАРЫН: ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТОО ТУУРАЛУУ ОКУТУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
КРнын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик Нарын “Бажы” кызматынын кызматкерлерине өрт коопсуздук эрежелерин сактоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган иш-чара Нарын “Бажы” кызматынын өтүнүч катынын негизинде 31-январда ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын ӨӨААжАКИБнын улук офицери жана Нарын шаар, райондук ӨКБнын улук офицери өрт кырсыктарын болтурбоо максатында өрт коопсуздук эрежелерин, талаптарын теория жүзүндө айтып беришти.
Андан соң алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандарын колдонуу эрежелери боюнча тажрыйбалык сабагын жаатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.