Нарын: Өрт коопсуздук эрежесин так сактайлы!

НАРЫН: ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕСИН ТАК САКТАЙЛЫ!
Кочкор району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамынын адистери өрт көп катталган кышкы мезгилинде район тургундарынын үйлөрдү жылытуу үчүн от жагуучу жана электр мештерин туура пайдалануу, өрт коопсуздук эрежелерин так сактоону жана иске уулануунун алдын алуу боюнча үгүт-насаат иштери байма-май жүргүзүлүүдө.
Мындай иш-чаранын алкагында 20-январда үйлөрдү кыдырып, морлордун туура жайгашуусу, көөлө, иске ууланбоо үчүн көмүрдү туура жагуу, электр буюмдарын колдонуу сыяктуу бир катар эрежелерди эскертишти.