Нарын: Өрт кырсыгынан коргонуу нускамаларын өтүштү

НАРЫН: ӨРТ КЫРСЫГЫНАН КОРГОНУУ НУСКАМАЛАРЫН ӨТҮШТҮ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгына караштуу Жумгал району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ӨӨжАА жана ЖК бөлүмчөсүнүн офицерлери 10-мартта атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Алар Жумгал районунун аймагында жайгашкан билим берүү мекемелеринде өрт коопсуздугунун алдын алуу жана жер титирөө учурунда коопсуз жайларга чыгуу боюнча айтып беришти.
Андан сырткары мугалимдерге жана окуучуларга, жоопту кызматкерлерге өрттөн сактануу боюнча нускама сабактарын өткөрүштү.