Нарын: Шаар тургундарына өрт коопсуздук эрежелерин сактоо эскертилди

2-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын, Нарын шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы шаар тургундарынын үйлөрүн жана соода түйүндөрүнө өрт коопсуздук эрежелерин сактоону түшүндүрүштү.
Имараттарда жана базарларда туура эмес орнотулган электр шиттерин жана чубалгыларын эрежеге ылайык жайгаштыруу туурасында нускама өтүштү.
Мындай өрт коопсуздук эрежелери сактоонун алкагында текшерүүлөрдүн негизги максаты – өрт кырсыктарын болтурбоо, алдын алуу болуп саналат.