Нарын: Шаардын көчөлөрү сел калдыктарынан тазаланууда

Ушул жылдын 13-июнунда болжол менен саат 17:45те нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Нарын шаарынын түштүк тарабындагы коктулардан сел-кыян суулары түшүп, шаардын айрым тилкелеринде турак-жайлардын короосун жана ички каттамдагы жолдорун каптаган. Табигый кырсыктын кесепетинен Шаардык жарандык коргонуу комиссиясы 58 үйдүн короолоруна суу киргенин аныктаган. Мындан улум учурда Нарын шаарында кыяндын кесепетин жоюу иштери аткарылууда.

Учурда Нарын шаарынын Т.Сулайманов көчөсүндөгү сел агындыларына толуп калган каналды тазалоо жумуштары башталып, ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызматынын Чүй бөлүмүнөн бөлүнгөн Liungong үлгүсүндөгү экскаватор, Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин 1 КамАЗы, “Таза-Нарын” ишканасынын 1 жүктөгүчү, 1 КамАЗ менен 350 метр каналдын 49 каттам, тактап айтканда 539 м3 сел агындары чыгарылып, 35 чакырым жерге ташылып төгүлдү.

Мындан сырткары Нарын райондук суу чарба башкармалыгынан HOWO үлгүсүндөгү 1 өзү төккүч, 1 жүктөгүч Мазар-Булак тилкесиндеги сайды тазалоого тартылып, тактап айтканда 324 м3 сел агындары чыгарылып, 35 чакырым жерге ташылып төгүлдү.

Ошондой эле РТС аймагындагы Сулайманов көчөсүнүн тургуну М.Мамбетсейитовдун оозеки кайрылуусу менен Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу жана Жашылдандыруу мекемесинин 1 КамАЗ үлгүсүндөгү өзү төккүч, “Таза-Нарын” ишканасынан 1 жүктөгүч техникалары тартылып, короосуна толуп калган жалпы 19 м3 кум аралаш шагыл чыгарылды. Учурда Мазар-Булак тилкесиндеги каналдын нугун “Нарынсууканал” ишканасынын экскаваторунун жардамы менен тазалоо жана башка иштери аткарылды.

Эске салсак. 16-июнга карата жалпысынан 6 бирдик техника тартылып, 882 м3 сел агындары чыгарылды. Шаардын айрым көчөлөрү унаа өтө албагандай, ыңгайсыздык жаратып иштөөгө мүмкүн болгон эмес. Себеби, ошол жерде жашаган турак жай ээлери чарба курулуштарын куруу менен унаа жолу тар болуп калган