Нарын: Штабдык машыгуу өттү

Ак-Талаа райондук Жарандык коргонуунун даярдык планына ылайык, 2022-жылдын 16-17-март күндөрү “Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда ЖКнун башкаруу органдарынын аракети” деген темада штабдык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгууга райондук ЖКнун башкаруу органдары, кызматтар, айыл аймактар катышып, өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, кечиктирилгис авариялык калыбына келтирүү жана жабыркаган калкты ар тараптуу камсыздоо боюнча иш-чаралары уюштурулду.

Машыгуунун жүрүшүндө практикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.