Нарын: Спорт – ден соолуктун булагы

Бүгүн, 22-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрткө каршы кызматка 96 жыл, ал эми Куткаруу кызматына 31 жыл толуп, кесиптик майрамдарды белгилөө үчүн Ат-башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү кичи футбол боюнча мелдеш уюштурулду.
Мелдеш өздүк курам арасында жүрүп, 4 команда катышты. Мыкты команда, мыкты оюнчалар алдыга озуп, аларга атайын сыйлыктар да ыйгарылды.
Спорттук иш-чараны уюштуруунун негизги максаты – өрт өчүрүүчүлөрдү жана куткаруучуларды сергек жашоого үндөө жана өз кесиптерине берилүү менен шыктандыруу , ар дайым спорт менен ден соолукту чыңдоо.
Өздүк курамдардын ичинде спорттук мелдештерди уюштуруунун өзү ар бир адамдын кесипкөйлүгүн арттырат.