Нарын: Сууга түшүп кеткен адамды чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө
НАРЫН: СУУГА ТҮШҮП КЕТКЕН АДАМДЫ ЧЫГАРУУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ
Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан алтын кен комбинаттын 31 жаштагы жумушчусу Ж.А. жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 5-апрелде саат 16:40да 102 кызматынан түшкөн. Кырсык катталган жерге Нарын шаары жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу Солтон-Сары жайлоосуна саат 17:10дө чыгып, 20:30да жерине жетишкен.
Куткаруучуларга кошумча 6-апрелде таңкы саат 6:00дө аталган кырдаалды координациялоо үчүн КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан, Нарын шаары жана Нарын району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн суучул-куткаруучусу жана 5 кызматкер жөнөтүлдү.
Учурда жүргүзүлүп жаткан издеп куткаруу иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилет.