Нарын: Тамактануучу жай өрттөндү

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын Матыев көчөсүндө жайгашкан “Латифа” кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 10:17де Жумгал райондук №43 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.
Өрт саат 11:35те чектөөгө алынып, 12:05те толугу менен өчүрүлгөн.
Такталган маалымат боюнча өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.