Нарын: ЮНИСЕФ уюму менен биргеликте машыгуу өткөрүлдү

НАРЫН: ЮНИСЕФ УЮМУ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Кечээ Нарын шаарынын В.Чкалов орто мектебинде пландан сырткаркы өрт тактикалык машыгуу өттү.
Машыгуу ЮНИСЕФ эл аралык уюму менен биргеликте Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү өткөрүп, бир өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеби, “Тез жардам” кызматы тартылган.
Атайын окутуу учурунда окуучуларды эвакуациалоо жана мугалимдерге өрт өчүрүүчү каражатты колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.