Нарын:Жөө жүрүшкө ЖК кызматтары катышты
Бүгүн Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин имаратында №47 ӨККБнүн кызматкерлери жер титирөө болгон учурда жабыркаган окуучуларды коопсуз жерге чыгаруу, унаа менен кырсыкка кабылган учурда жаракат алган адамды куткаруу, фельдшер тарабынан алгачкы медициналык жардамды көрсөтүү боюнча практикалык иштер аткарылды.
Имаратта жер титирөөнүн кесепетинен чыккан өрттү өчүрүү үчүн өздүк курамдын күжүрмөн жайылуусунда Ац-40 Зил –130 үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү автоунаасы менен суу берилип, өрттү өчүрүү ыкмалары көрсөтүлдү. Окуучуларга өзгөчө кырдаал катталганда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин түшүндүрүштү.









