Нарын: Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын командалык- штабдык окутуусу өткөрүлүүдө

Нарын облусунун Жарандык коргонуу боюнча 29-30-сентябрда «Өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана катталганда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн иш аракеттери» жер титирөө аталышы менен Нарын облустук Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен командалык-штабдык окуу өткөрүлөт.
Окуунун максаты – өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, кесепеттерин жоюу боюнча башкаруу органынын чыныгы иш аракетин, ӨК коркунучу болгондо жана түзүлгөн мезгилде облустук ЖКнын башкаруу органынын иш аракеттерин башкарууну уюштурууга даярдыгын текшерүү, калкты жана аймакты коргоону уюштуруу, абалды баалоо.
Ал эми аталган командалык-штабдык окууга облустун, райондордун жана Нарын шаарынын ЖКнын башкаруу курамы, комиссиялары жана көчүрүү комиссиялары штабдарынын башчылары, чарбалык объектилери, айыл аймактары катышат.