Нарын: Жеңүүчү жаш сүрөтчүлөргө сыйлыктар ыйгарылды
НАРЫН: ЖЕҢҮҮЧҮ ЖАШ СҮРӨТЧҮЛӨРГӨ СЫЙЛЫКТАР ЫЙГАРЫЛДЫ
Бүгүн, 22-майда Ат -Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери “Жаш өрт өчүрүүчү” кошуундарынын жана мектеп окуучуларынын арасында сүрөт сынагы өттү.
Аталган сынакка Ж.Абдырахманов, А.Керимбаев атындагы орто мектептеринин окуучулары катышты. “Өрт коопсуздугу” аталышындагы сүрөт сынагы викториналык суроолор менен коштолду.
Сынакка жалпысынан 23 окуучу катышып, чыгармачыл жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.







