Нарын: Жумгалда өздүк курамдын кесипкөйлүгү жогорулатылды

Кечээ, 13-сентябрда Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамынын кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн күжүрмөн жайылуу окутуусу өткөрүлдү.
Күжүрмөн жайылуунун негизги максаты – тилсиз жоо чыккан учурда өрт өчүрүүчү куткаруучулардын ыкчам даярдыгы, жеңчелерди жазуу, суу түтүктөрү иштегени, өрт өчүрүүчү унаанын даярдыгы текшерилди.
Мындан сырткары иш-чаранын жүрүшүндө жол кырсыгына кабылган учурда автоунаадан жаракат алган адамдарды куткаруу, жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык окуу өткөрүлдү.