Нарында 901 710 м3 кар көчкүсүн түшүрүштү

НАРЫНДА 901 710 М3 КАР КӨЧКҮСҮН ТҮШҮРҮШТҮ
Нарын облусунун Нарын районундагы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүүнү демилгелеген ӨКМдин ыкчам тобу жана КМнин артиллериялык эсеби саат 13:00дөн саат 14:25ке чейин 294-295-чакырымдарында жалпы 10 снаряд атышып, баардыгы жарылды. Натыйжада көлөмү 400950 м3 кар көчкү түшүп, жолго жеткен эмес.
Ал эми саат 14:45тен саат 15:30га чейин 296-чакырымында жалпы 20 снаряд атышып, бардыгы жарылып, натыйжада көлөмү 500760 м3 кар көчкү түшүп, жолго жеткен эмес. Бүгүн жалпысынан кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иштери толугу менен аяктады.
Белгилей кетсек, 18-19-февралда иш-чара башталган. Ал эми бүгүн 9:00дон тартып Бишкек-Нарын-Торугарт унаа каттамынын Сары-Булак жана Оттук айылдарында посттор уюштурлуп, унаа каттам убактылуу жабылган.
Түшкөн кар көчкүлөрүн тазалоого жалпы 12 инженердик техника даярдыкка коюлган.
Сары-Булак жана Оттук айылдарында жылытуу пунктары уюштурулган.