Нарынга жаңы өрт өчүрүүчү техникалар келди
НАРЫНГА ЖАҢЫ ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ ТЕХНИКАЛАР КЕЛДИ
11-мартта Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнө жаңы өрт өчүрүү техникалар тапшырылды. Тагыраагы, жакында эле Россиядан Кыргызстанга келген “КамАЗ” үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү атайын унааларынан Нарын облусуна 7 техника бөлүнүп, райондук өрт өчүрүү бөлүмчөлөрүнө таратылды.
Алсак, Жумгал районуна 2, Кочкор районуна 1, Ат-Башы районуна 2, Ак-Талаа районуна 2 унаа бөлүндү. Облустун өрт өчүрүүчү бөлумдөрү 95 пайыз жаңы унаалар менен камсыздалды.
Мындан тышкары министрликтен берилген 2 JAC, 1 КамАЗ, 1 УАЗ унаалары ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгына салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Адистештирилген техникаларды тапшыруу аземине Нарын облустук Жарандык коргонуу башчысы Алтынбек Эргешов баштаган тиешелүү жетекчилер катышты.



