Некролог – Артыкбаев Айбек

2021-жылдын 11-декабрында 38 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №8 атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук офицери капитан Артыкбаев Айбек Тармалбекович оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Артыкбаев Айбек Тармалбекович 1983-жылы 22-апрель күнү Талас облусунун Талас шаарында жарык дүйнөгө келген.

Билими жогорку, 2015-жылы К.И.Скрябин Кыргыз Улуттук Агрардык университетин аяктаган.

Эмгек жолун 2009-жылы Өрткө каршы мамлекеттик Бишкек шаардык башкармалыгынын №7 Аскерлештирилген өрткө каршы бөлүгүнүн өрт өчүрүүчүсү болуп баштаган.

-2014-2015 жылдары Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Октябрь райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №7-Аскерлештирилген өрткө каршы бөлүктүн команда башчысы болуп кызмат өтөгөн.

-2015-2017 жылдары Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Свердлов  райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №2 Аскерлештирилген өрткө каршы бөлүктүн кароол башчысы болуп кызмат өтөгөн

-2017-2021 жылдары КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №2-Өрткө каршы-куткаруу бөлүгү кароол башчысы болуп кызмат өтөп келген.

2021-жыл башынан бери азыркы убакытка чейин КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №8 атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгүндө улук офицер болуп кызмат өтөп келген.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин жетекчилиги жана өздүк курамы капитан Артыкпаев Айбекдин бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, алардын орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз.