Окуучулар ” 112 ” кызматы менен таанышышты

5-октябрь — Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү белгиленип келет.
Бул күндү белгилөөгө карата ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда Ош шаарындагы С.М.Киров атындагы №4 мектеп гимназиясынын жана Бишкек шаарындагы №4 гуманитардык-укуктук багыттагы мектеп-гимназиясынын окуучуларынын катышуусунда ачык эшик күнү өткөрүлдү.
Жогорудагы билим берүү мекемелеринин окуучуларына Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун аткарып жаткан иштери, “112” байланыш кызматы, компоненттери жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча жалпы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалыматтар берилип, профилактикалык иштер жүргүзүлдү.